Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:43

"Пирамида" телеканалы трансляция үчүн акчаны көбөйтүүнү сурады


"Пирамида" телеканалынын эн белгиси.
"Пирамида" телеканалынын эн белгиси.

Жогорку Кеңештин жыйындарын көрсөтүш үчүн "Пирамида" телеканалына жылдык каржылык колдоону 10 миллион сомго көтөрүү жөнүндө сунуш түштү. Телеканалдын жетекчиси Калыйбек Асылбашев мындай өтүнүч парламенттин Социалдык маселелер, билим берүү, маданият жана саламаттык сактоо комитетине жиберилгенин, эми жалпы жыйынга чыгарыларын айтты.

Учурда каналга бөлүнчү акча 4 миллион сом. Асылбашев бул сумма депутаттардын жыйынын элге сапаттуу жеткирип бериш үчүн техникалык мүчүлүштүктү жоюуга жетпей жатканын билдирди.

Кыргызстанда туңгуч эркин телеканал катары таанылган "Пирамида" мурдагы бийликтин тушунда колдон колго өтүп, 2010-жылдагы апрель окуясынан кийин мамлекеттин карамагына өткөрүлгөн.

2016-жылдын февралында ал парламенттин, башка бийлик бутактарынын, мамлекеттик органдар менен мекемелердин ишмердүүлүгү тууралуу маалымат тарата турган телеканал болгон. Каналга Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду ээлик кылат. (SE)

XS
SM
MD
LG