Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:12

Жалал-Абадда милиция үчүн ден соолук чыңдоо борбору ачылды


Жалал-Абаддагы милиция кызматкерлери үчүн ден соолукту чыңдоо борбору.
Жалал-Абаддагы милиция кызматкерлери үчүн ден соолукту чыңдоо борбору.

Жалал-Абад шаарында алгачкы жолу Ички иштер министрлигинин медицина башкармалыгынын облустук ден соолукту калыбына келтирүү борбору иштей баштады. Бул тууралуу "Азаттыкка" борбордун башкы адиси Ырыскан Калыгулова билдирди.

Үч кабаттуу эски имарат капиталдык оңдоодон өткөрүлүп, 10 чакты керебет коюлду. Борборго биринчилерден болуп милициянын ардагерлери кабыл алынды. Дарылануучуларга физиотерапия кызматтары акысыз көрсөтүлүп, ысык тамак менен камсыз болгон.

Медициналык борбордо мындан сырткары амбулатордук кызмат көрсөтүү да иштейт. Ага милициянын, Финансы полициясынын жана Өрт өчүрүү мамлекеттик кызматынын эки миндей кызматкери каттоого алынган. (RsK\ErN)

XS
SM
MD
LG