Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:52

Кургак учукту дарылоого коомдук жардамчылар өбөлгө түзүүдө


Коомдук жардамчылар бейтаптын кургак учуктан толук айыгышына өбөлгө түзүүдө.
Коомдук жардамчылар бейтаптын кургак учуктан толук айыгышына өбөлгө түзүүдө.

Кыргызстанда кургак учукту дарылоо ыкмалары жакшыртылууда. Бул тууралуу “Азаттыкка” USAID агенттигинин «Кургак учукту жеңебиз!» долбоору кабарлады. Максат – илдетке чалдыккан ар бир адам менен өзүнчө иштөө.

Бул иш дарылоону уюштуруу, клиникалык, социалдык, психологиялык жана эпидемиологиялык камсыздоо сыяктуу негизги багыттардан турат.

Амбулатордук негизде, башкача айтканда, үйдө жатып дарыланган бейтаптын илдетин фтизиатр адис аныктап, үй-бүлөлүк дарыгер менен медайым дарылоону уюштуруп, көзөмөлдөшөт. Ошону менен катар коомдук жардамчылар да тартылат. Алар ооруп жаткан адамдын жакындары же мамлекетик, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү болушу мүмкүн. Баары тең адегенде тиешелүү даярдыктан өтүшү зарыл.

Адистердин айтымында, алардын кеп-кеңеши жана колдоосу бейтаптардын тезирээк жана толук сакайып кетишине жардам берүүдө.

2017-жылдын июнь айынан бери 188 адам кургак учуктан коомдук жардамчылардын колдоосу менен дарыланып жатат. Алардын 91и бүгүнкү күндө илдеттен толук айыкты.

Жаңы ыкма алгач Чүй, Талас облустарында жана Жалал-Абад менен Оштун айрым райондорунда гана ишке ашырылгандан кийин жалпы республикага жайылтылат.

Кургак учук дүйнө жүзүндө өлүмдүн негизги он себептеринин бири болуп эсептелет. 2016-жылы бул оорудан 1,7 миллион адам, анын ичинде 250 миң наристе көз жумган. (RK)

XS
SM
MD
LG