Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:14

Канада Сауд Арабиясы менен ири аскердик келишимди үзүшү мүмкүн


Жастин Трюдо.
Жастин Трюдо.

Канада Сауд Арабиясы менен ири аскердик келишимди үзүүнү журналист Жамал Хашогжинин (Хашогги) өлүмүнө жооп иретинде караштырып жатат. Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо бул тууралуу жергиликтүү CTV телеканалы менен жекшемби күнкү маегинде билдирди.

Канаданын Саудияга аскердик техника сатышын караган келишимге 2014-жылы кол коюлуп, анын акчалай наркы 13 миллиард долларга жакын болгон. Ага ылайык, Канада Эр-Риядга LAV 700 үлгүсүндөгү 900дөн ашык чопкуттуу аскердик унаа сатмак.

Өткөн айдын аягында Канада журналист Хашогжинин өлүмүнө байланыштуу Сауд Арабиясынын 17 жаранына каршы санкция киргизген. Расмий Оттава бул кылмышты "адамдардын көз карашын билдирүү эркиндигине абийирсиздик менен кол салуу" деп баалаган.

"The Washington Post" гезити менен кызматташып, акыркы жылдары Саудиядагы монархиялык режимди сындап жүргөн Хашогжи быйыл октябрдын башында бул өлкөнүн Стамбулдагы консулдугунда өлтүрүлгөн.

14-декабрда АКШнын Сенаты Сауд Арабиясындагы тактынын мураскери, ханзаада Мухаммед бин Салман Хашогжини өлтүрүүнү уюштуруу үчүн күнөөлүү деп табылган резолюция кабыл алды. Расмий Эр-Рияд буга нааразы болуп, "АКШнын мыйзамгерлери кабыл алган документ негизсиз ырастоолорго таянган" деген билдирүү таратты. (UE)

XS
SM
MD
LG