УЕФАнын башкы штабында Чемпиондор лигасынын 1/8 оюндары үчүн чүчүкулак кармоо өттү. Ага ылайык, учурдагы чемпион, Мадриддин “Реал” клубу Голландиянын “Аякс” командасы менен ойной турган болду.
Ошондой эле “Ювентус” “Атлетикого” каршы ойнойт. Ал эми “Манчестер Юнайтед” 1/8 оюндарда алгачкы беттешти Парижде “ПСЖ” футболчулары менен өткөрө турганы аныкталды. Чүчүкулактын жалпы жуптары төмөндөгүдөй:
«Шальке» – «Манчестер Сити»
«Атлетико» – «Ювентус»
«Манчестер Юнайтед» – «ПСЖ»
«Тоттенхэм» – «Боруссия»
«Лион» – «Барселона»
«Рома» – «Порту»
«Аякс» – «Реал»
«Ливерпуль» – «Бавария»
Чемпиондор лигасынын 1/8 финалдык бөлүгүнүн алгачкы оюндары 12-13-февралда, ал эми жооптуу беттештер 5-6-мартта өтөт. Турнирдин финалдык оюну 1-июнда Мадридде болот. (SDz)