Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Декабрь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 21:57

АКШ Сенаты Орусиянын шайлоодогу аракети боюнча кеңири баяндама жарыялайт


"The Washington Post" басылмасы 16-декабрда кабарлагандай, АКШ Сенаты Орусиянын 2016-жылкы президенттик шайлоо өнөктүгү учурунда ал кездеги талапкер Дональд Трампка жардам берүүнү көздөгөн маалымат өнөктүгүн документтештирген кеңири баяндаманы жарыялоого даярданууда.

АКШ Сенатынын чалгын комитетинин маалымат-иликтөө тобу даярдаган баяндамада социалдык медиадагы миллиондогон посттор иликтенген. Аларды Сенаттын иликтөө тобуна "Твиттер", "Фейсбук" жана "Google" компаниялары берген.

Баяндамада Орусиянын “Интернет иликтөө агенттиги” деген уюмдун 2016-жылкы өнөктүк учурунда америкалык шайлоочулар арасында ажырым салууну максат кылган аракеттери кеңири көргөзүлмөкчү.

"The Washington Post" басылмасы белгилегендей, Сенат баяндамасында социалдык түйүндөрдүн Орусиянын жалган маалымат жайылтуу өнөктүгүнө каршы жооп чарасы “кечиккени жана координацияланбаганы”, ошондой эле алар Орусиянын өнөктүгү аныкталгандан кийин да тергөөчүлөрдү кошумча маалымат менен камсыздай албаганы сындалган.

АКШда атайын прокурор Роберт Мюллердин тобу президент Трамптын 2016-жылкы шайлоо учурундагы штабынын Орусия менен байланыштары болгон-болбогонун али иликтөөдө.

Трамп өзү буга чейинки сөздөрүндө АКШнын чалгын жамаатынын “2016-жылдагы шайлоого Орусия кийлигишти" деген бүтүмүн кабыл алган. Бирок ал шайлоо штабы менен Москванын ортосунда эч кандай келишүү болбогонун улам-улам билдирип жүрөт. (UE)

XS
SM
MD
LG