Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 18:57

Ошто кыргыз-өзбек чек ара маселеси талкууланат


Кыргыз-өзбек чек арасындагы "Достук" бекети. Сүрөт 2018-жылдын февралында тартылган.

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара аймактарындагы облус жетекчилеринин кезектеги кеңеши бүгүн, 18-декабрда Ош шаарында болот. Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, жыйынга эки мамлекеттин премьер-министрлери Мухаммедкалый Абылгазиев менен Абдулла Арипов катышат.

Эки мамлекеттин ортосундагы чек аранын узундугу 1378 чакырымга созулат. Анын 85 пайызы такталганы расмий айтылган.

Буга чейин Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги сүйлөшүүдө эки тараптын кызыкчылыгын эске алуу менен Өзбекстандын Шахимардан жана Кандиён-Булок тилкелеринин бир бөлүгү аныкталганын билдирген.

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG