Орусия камакка алган украин аскерлеринин укуктарын 34 адвокат коргойт. Адвокаттардын жарымы Крымдан, жарымы Москвадан. Алардын чыгымдарынын баарын Украина өкмөтү төлөп бере турганын Жогорку Раданын адам укуктары боюнча өкүлү Людмила Денисова билдирди.
Анын айтымында, адвокаттар ушул жылдын аягына чейин камактагылардын баары менен жолугушууга тийиш.
Быйыл 25-ноябрда Кара деңиз менен Азов деңизи кесилишкен Керч кысыгында Орусия Украинанын үч кемесин, 24 деңиз аскерин күч менен кармап кетип, кийин алардын баарын эки айга камакка алган.
Окуяны Украина жана Батыш өлкөлөрү “агрессия” десе, Орусия “чагым” катары баалаган.