Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:19

Ногойбаев транспорт министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды


Жеңишбек Ногойбаев.
Жеңишбек Ногойбаев.

Өкмөттүн жаңы мүчөсү белгиленген тартипте дайындалганга чейин Жеңишбек Ногойбаев транспорт жана жолдор министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн аппараты кабарлады.

Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Ногойбаев буга чейин ушул эле мекемеде министрдин орун басары болчу.

Мурдагы транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов 15-декабрда кызматтан кеткен. Анын алдында, 14-декабрда Коопсуздук кеңешинин жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков транспорт министринин “ири өлчөмдө пара алган” деген шек менен кармалган орун басары Азимкан Жусубалиевге байланыштуу ачууланган. Ал министрди ордунан тургузуп уяткарган. (ErN)

Жээнбеков транспорт министрин уяткарды
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:39 0:00

XS
SM
MD
LG