Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Февраль, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 07:24

Түркия Сирияда президенттик шайлоо өтүшү керек деп эсептейт


Мевлүт Чавушоглу.

Түркия Сирияда президенттик шайлоо өткөрүлүп, анда сириялык качкындар да добуш берүү укугуна ээ болушу керек деп эсептейт.

Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Катар мамлекетинин борбору Дохада 16-декабрда өткөн саясий маселелерди талдаган XVIII эл аралык форумда ушул өңүттө баяндама жасады.

- Ар бир адам - Сирияда жашап жаткандар да, менин өлкөмө жана башка мамлекеттерге соңку жети жыл ичинде бозгун болуп кеткендер да добуш берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу зарыл. Бул өтө ишеничтүү, таза, демократиялык жана адал шайлоо болууга тийиш. Сириянын эли бул шайлоодо мамлекетти ким башкарышы керектигин өзү чечиши керек, - деди ал.

"Эгер бул шайлоодо азыркы президент Башар Асад жеңсе, Түркия аны менен кызматташабы?" деген суроого Чавушоглу: "Эгер демократиялык шайлоо болсо, ар бир мамлекет бул кырдаалды өзүнчө карап чыгышы мүмкүн", - деп жооп берди.

Министр форумдан кийин өзүнүн баяндамасына түшүндүрмө берип, аны "Анкара Сириянын президенти Башар Асаддын түзүмү менен кызматташтыкка барышы мүмкүн" деп кабыл албаш керек экенин белгиледи.

Дохада эл аралык саясий маселелерди талдаган форум 16-декабрда өттү.

Сирияда 2011-жылдан бери уланып келген калабада өлкө саясий, экономикалык кризиске кептелди. Жүз миңдеген жарандар чет өлкөлөргө качып кетишти.

XS
SM
MD
LG