Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:06

УКМК кытай жарандарына байланыштуу аудио жасалма экенин билдирди


Аудионун элеси. Иллюстрациялык сүрөт.
Аудионун элеси. Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) "Кыргызстанга кирген ар бир кытай жаранынан бийлик адамдары 15 миң доллар өлчөмүндө пара алат" деген аудио жазуу жасалма экенин билдирди. Мындай тыянак экспертизанын тийиштүү жыйынтыгы менен чыгарылды. Атайын кызматтын басма сөз катчысы Рахат Сулайманов аны тараткандарды аныктоо иштери жүрүп жатканын "Азаттыкка" билдирди.

- Мындай аракеттер Кылмыш-жаза кодексинин 299-беренеси - улут аралык, диний, расалык жана аймактык кастыкты козутуу катары каралып, айыптуу деп табылгандар төрт жылдан жети жылга чейин камалат, - деди ал.

УКМК жарандарды мындай чагымдарга алдырбоого үндөдү.

Соңку күндөрү Интернетте белгисиз кишилердин сүйлөшүүлөрүнүн аудиосу тарап, анда Кыргызстанга кирген кытайлыктардын ар бири үчүн 15 миң доллар өлчөмүндө пара алынганы айтылган. Сүйлөшкөндөр бийлик адамдары экени белгиленген эле. (SE)

XS
SM
MD
LG