Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:50

Өкмөт ишкерлерди текшерүүгө эки жылдык мораторий киргизди


Нан азыктарын өндүргөн Кыргызстандагы ишканалардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.
Нан азыктарын өндүргөн Кыргызстандагы ишканалардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев “Ишкердик субъектилерине текшерүү жүргүзүүгө убактылуу тыюу салуу (мораторий) жөнүндө” токтомго кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн аппараты кабарлады.

Мораторий 2019-жылдын 1-январында күчүнө кирет жана 2021-жылдын 1-январына чейин иштейт.

Бул аралыкта Социалдык фонд, Антимонополиялык жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттик, Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттик, Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызмат, Мамлекеттик ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук инспекциясы, Экология жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция жана Финансы министрлигине караштуу Баалуу таштар департаменти ишкерлерге текшерүү жүргүзө албайт.

Мораторий ошондой эле Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары-дармектер жана медициналык техника менен камсыздоо департаментинин, Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин жана Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине караштуу Этил спиртин, алкоголдук жана курамында спирт камтылган өндүрүм чыгарууну жана жүгүртүүнү жөнгө салуу, көзөмөлдөө башкармалыгынын ишкерлик субъектилерди текшеришине да тиешелүү болот

Жыл башында Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган жаңы өкмөт сунуштаган “Биримдик. Ишеним. Жаратмандык” программасында ишкерликти колдоонун ыкмасы катары текшерүүгө убактылуу тыюу салуу каралган. (ErN)

XS
SM
MD
LG