Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:29

Чаткалга барчу жол кар көчкүдөн улам убактылуу жабылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кар көчкүлөргө байланыштуу Ала-Бука - Каныш-Кыя жана Красная-Горка - Ак-Таш автоунаа жолдору райондук мамлекеттик администрациянын буйругуна ылайык убактылуу жабылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” район акиминин орун басары Жуманалы Накетаев билдирди.

- Чаткалда азыр борошолоп каар жаап, калыңдыгы 30 сантиметрге жетип калды. Ала-Бука - Каныш-Кыя унаа жолунун 86-101 чакырымдарында кар көчкүлөрү түшүп жатат. Жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу максатында жолду 18-декабрдан тартып убактылуу жабууга туура келди. Жергиликтүү калкка маалымат берип, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Жолдун ачылышы аба ырайына байланыштуу болот, - деди Накетаев.

Чаткал району облустун борборунан 360 чакырым алыстыктагы тоо койнунда жайгашкан. Райондо 30 миңге чукул киши жашайт. (RsK\ErN)

XS
SM
MD
LG