19-декабрда Кыргызстандын дээрлик бардык аймактарында мезгил-мезгили менен кар жаашы мүмкүн.
Жалал-Абад облусунун кээ бир райондорунда жана Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында бурганак болушу ыктымал.
Чүй, Талас, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын кээ бир жерлерине туман түшөт. Жолдорго муз тоңот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7, Ысык-Көл ойдуңунда 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -4...-9, күндүз 0...-5,
Талас жергесинде түнкүсүн -5...-10, күндүз 0...-5,
Баткен, Жалал-Абад жана Ош аймактарында түнкүсүн -4...+1, күндүз 0...5,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2...-7, күндүз -2...+3,
Нарын дубанында түнкүсүн -9...-14, күндүз -2...-7,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -16...-21, күндүз -6...-11 градус болот.
Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен кар жаайт. Түнкүсүн жана эртең менен туман түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -4…-6, күндүз 0…-2 градус болот.