Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:59

Орус аскери армениялык аялдын өлүмү үчүн айыпталды


Жоокердин кол салуусунан көз жумган Жульетта Гакасяндын сүрөтү. 12-декабрь, 2018-жыл.
Жоокердин кол салуусунан көз жумган Жульетта Гакасяндын сүрөтү. 12-декабрь, 2018-жыл.

Армениядагы Орусиянын аскердик базасында кызмат өтөп жаткан 23 жаштагы жоокерге "армениялык аялды өлтүрө токмоктогон" деген айып тагылды. Бул тууралуу курман болгон аялдын кызынын адвокаттары маалымдашты.

57 жаштагы Жульетта Гукасян 2-декабрда Армениянын түндүк-батышындагы Гюмри шаарынын көчөлөрүнүн бирин шыпырып жаткан маалда кол салууга дуушар болгон. Ал ооруканага жетпей көз жумган.

Армениядагы экинчи чоң шаар болуп саналган Гюмри шаарында Орусиянын №102 аскердик базасы жайгашкан.

Армениялык прокурорлор шек саналып жаткан аскердин аты-жөнүн, жалпы эле тергөөнүн чоо-жайын айтуудан баш тартышты. Шектүү 10-декабрда кармалган. Анын эмнеге мындай кадамга барганы азырынча белгисиз.

2015-жылы ушул эле аскердик базада кызмат өтөгөн орусиялык жоокер Валерий Пермяков "жергиликтүү армян үй-бүлөсүнүн жети мүчөсүн өлтүрдү" деген айып менен өмүр бою эркинен ажыратылган.

XS
SM
MD
LG