Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:18

Кыргызстан менен Өзбекстандын соода жүгүртүүсү күчөдү


Кыргыз-өзбек чек араысндагы "Достук" чек ара бекетиндеги кезек. Кара-Суу району, Ош облусу. 24-февраль, 2018-жыл.
Кыргыз-өзбек чек араысндагы "Достук" чек ара бекетиндеги кезек. Кара-Суу району, Ош облусу. 24-февраль, 2018-жыл.

Кыргызстан менен Өзбекстандын чектеш облус жетекчилеринин кеңешинин Ош шаарында өтүп жаткан экинчи жыйынында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев эки өлкөнүн соода жүгүртүүсү 11% арбыганын билдирди.

Өкмөттүн аппараты кабарлагандай, өкмөт башчы мында чектеш облустар өзгөчө маанилүү роль ойной турганына токтолду:

- Быйыл 9 айда өлкөлөр ортосундагы соода жүгүртүү 250 миллион доллардан ашуун сумманы түздү, бул 2017-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 11% көп. Бирок биздин мамлекет башчылар тарабынан соода жүгүртүүнү 500 миллион долларга дейре жеткирүү милдети коюлган. Буга байланыштуу ушул ишти жандандыруу абдан маанилүү деп эсептейм, - деди Абылгазиев.

Премьер-министр чектеш аймактагы ишкерлерди жигердүү колдоо коңшу облустардын соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык мамилелерин бекемдөөгө жана кеңейтүүгө кызмат өтөрүнө ишеним билдирди.

Өзбекстандын өкмөт башчысы Абдулла Арипов болсо Кыргызстан менен өз ара алакаларды жана эки тараптуу пайдалуу өнөктөштүктү болушунча өнүктүрүүнү колдой турганын ырастады.

Жыйындын жүрүшүндө аймак аралык кызматташуу, соода-экономикалык жана инвестициялык өз ара аракеттешүү, маданий-гуманитардык байланыштарды тереңдетүү, мамлекеттик чек ара тилкелеринен өтүү шарттарын жакшыртуу жөнүндө бир катар макулдашууларды ишке ашыруу жана башка эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери каралды.

Кыргызстан менен Өзбекстандын чектеш облус жетекчилеринин кеңешинин биринчи жыйыны ушул жылдын март айында коңшу өлкөнүн Фергана шаарында өткөн. (ErN)

XS
SM
MD
LG