Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:27

Конституциялык палата ыйгарым укуктары боюнча сынга жооп кайтарды


Конституциялык палатанын имараты.
Конституциялык палатанын имараты.

Жогорку Кеңештин депутаттарынын “Конституциялык палата өз ыйгарым укуктарынан аша чаап пайдаланып жатат” деген сынына байланыштуу Конституциялык палата 18-декабрда расмий билдирүү таратып, жооп кайтарды.

Анда "айрым депутаттар Конституциялык палатанын дарегине сын айтуу менен билип туруп коомчулукту адаштырып, Конституциялык көзөмөл жүргүзгөн жогорку соттук органдын ишмердигин дискредитациялоого багытталган" деп айтылат.

"Кайсы бир мыйзамдын ченеми Конституцияга толук же жарым-жартылай шайкеш келбегени таанылган учурда талашка түшкөн мыйзамды Баш мыйзамга дал келтирүү боюнча тапшырма мыйзамды чыгарган органга, тактап айтканда Жогорку Кеңешке берилет. Жогорку соттун Конституциялык палатасы жөнүндө мыйзамга киргизилген акыркы өзгөртүүлөргө ылайык, мындай тапшырма өкмөткө да берилет. Себеби, өкмөт Конституциялык палатанын чечимдерин аткарыш үчүн тиешелүү мыйзамдарды иштеп чыккан жооптуу орган болуп саналат," - деп белгиленген билдирүүдө.

Бул аркылуу Конституциялык палата "экс-президенттин кол тийбестиги боюнча мыйзамды кароодо өз ыйгарым укуктарынан аша чапты, парламент менен өкмөттүн ишине негизсиз кийлигишти" деген айыптарды четке кагууда.

Буга чейин аталган мыйзамдын Баш мыйзамга шайкештигин Конституциялык палата карап, “экс-президент кол тийбестикке ээ” деген 12-беренени Конституцияга каршы келет деп тапкан. Бирок "экс-президенттин кол тийбестигин алып салуу импичменттин процедурасынан жеңил болбош керек" деп, бул боюнча өкмөт менен парламентке мыйзамды оңдоону сунуш кылган.

Өткөн аптада мыйзамды талкуулоо маалында Конституциялык палатанын бул сунушун айрым депутаттар жактырбай, "судьялар өз ыйгарым укуктарынан ашыкча пайдаланды" деп сындап чыккан. Жогорку Кеңештин депутаты Курманкул Зулушев “аткаруу бийлигине финансылык, чарбалык иштерге көрсөтмө берүүгө Конституциялык палатанын укугу жок” деген эле.

Бийликтин эки бутагы эки башка чечмелеп, түшүнбөстүк жараткан экс-президентти кол тийбестиктен ажыратуу маселеси боюнча мыйзам акыркы айларда талкууга түшүп жатат. Буга чейин адвокат Нурбек Токтакунов бул маселе боюнча Конституциялык палатага кайрылган. (BkA\ErN)

XS
SM
MD
LG