Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:15

Пермь: мектепке кол салган өспүрүм 10 жылга кесилди


Пермь шаарындагы №127 мектеп. 15-январь, 2018-жыл.
Пермь шаарындагы №127 мектеп. 15-январь, 2018-жыл.

Орусиянын Пермь шаардык соту жергиликтүү мектепке кол салган өспүрүмдү тогуз жыл сегиз айга эркинен ажыратуу жөнүндө чечим кабыл алды.

17 жаштагы өспүрүмгө "28 окуучунун жана мугалимдин өмүрүнө кол салууга аракет кылган", "атайлап мектеп мүлкүн кыйраткан" деген айыптар тагылды. Сот ошондой эле аны жабырлануучулардын пайдасына сегиз миллион рубль компенсация төлөп берүүгө милдеттендирди. Соттук жараян маалында айыпталуучу 2017-жылы мектептин кароолчусуна да кол салганы айкын болду.

Үстүбүздөгү жылдын 15-январында Пермь шаарында беткапчан эки өспүрүм №127 мектептин төртүнчү классынын окуучуларына сабак маалында бычак менен кол салышкан. Жалпысынан 15 адам жабыркаган. Мугалим 15 жолу бычак жеген. Бир окуучу бул окуядан кийин майып болуп калганы аныкталды.

Экинчи шектүүнүн "акыл-эси ордунда эмес" деп табылып, психиатриялык ооруканага жөнөтүлгөн.

XS
SM
MD
LG