Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:48

Бишкекте Текебаевге арналган сүрөт көргөзмөсү өтөт


"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнкул Чотонов.
"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнкул Чотонов.

Бишкекте бүгүн, 19-декабрда “Ата Мекен” партиясынын камактагы лидери, мурдагы депутат Өмүрбек Текебаевге арналган сүрөт көргөзмөсү болот. "Манас" кинотеатрындагы иш-чараны "Ата Мекен" партиясы жана саясатчынын тарапкерлери анын туулган күнүнө карата уюштуруп жатышат.

Текебаев өткөн аптада №47 колониядан Улуттук кардиология борборуна которулган.

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана анын партиялашы, мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотонов "орус жараны Леонид Маевскийден 1 миллион доллар пара алган" деген айып менен былтыр февраль айында камалган.

2017-жылдын августунда Бишкектин Биринчи май райондук соту "Коррупция" беренеси менен соттолгон эки саясатчынын ар бирин сегиз жылдан күчөтүлгөн тартиптеги абакка кескен. Бул чечимди Жогорку сот да күчүндө калтырган.

Текебаев менен Чотонов жана алардын тарапкерлери дооматтардын баарын четке кагышып, Атамбаев баштаган ошол бийликтин "саясий курмандыгы" болгонун айтып жүрүшөт.

Саясатчылардын камакка алууда негизги күбө болуп берген орусиялык Леонид Маевский быйыл 17-ноябрда Москвада «опузалап акча өндүргөн» деген кине менен кармалган.

Өмүрбек Текебаев 1958-жылы 22-декабрда Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Акман айылында туулган. (NT)

XS
SM
MD
LG