Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:19

Орусияда өспүрүмдөрдү каршылык акцияларына тарткандар жазаланат


Алексей Навальныйдын акциясында өспүрүмдү кармоо учуру. Архивдик сүрөт.
Алексей Навальныйдын акциясында өспүрүмдү кармоо учуру. Архивдик сүрөт.

Орусиянын Мамлекеттик Думасы 18-декабрда жашы жете электерди каршылык акцияларына тарткандарды жазага тартуу боюнча мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алды.

Документте өспүрүмдөрдү акцияга катышууга чакырган уюштуруучуларга 50 миң рублга чейин айыппул салуу, он беш күнгө чейин камакка алуу каралган.

Мыйзам долбоору оппозициялык саясатчы Алексей Навальныйдын коррупцияга каршы митингдеринен кийин Мамлекеттик Думага киргизилген. Байкоочулар бул митингдерге өспүрүмдөр көп катышканын билдиришкен.

Быйыл февралда орус президенти Владимир Путин Ички иштер министрлигине жаштарды уруксат берилбеген акцияга тартууга аракеттенген топтордун ишине бөгөт коюуну тапшырган.

XS
SM
MD
LG