Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:18

Бишкекте Өмүрбек Текебаевге арналган сүрөт көргөзмөсү өтүп жатат


Көргөзмөгө илинген сүрөттөр.
Көргөзмөгө илинген сүрөттөр.

Бишкекте “Ата Мекен” партиясынын камактагы лидери, мурдагы депутат Өмүрбек Текебаевге арналган сүрөт көргөзмөсү өтүп жатат. "Манас" кинотеатрындагы иш-чараны партия жана саясатчынын тарапкерлери анын декабрь айындагы туулган күнүнө карата уюштурду.

Текебаев өткөн аптада №47 колониядан Улуттук кардиология борборуна которулган.

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев "орусиялык ишкерден пара алган" деген айып менен былтыр февралда камалган. Ошол жылы августта Бишкектин Биринчи май райондук соту аны сегиз жылга күчөтүлгөн тартиптеги абакка кескен. Бул чечимди Жогорку сот да күчүндө калтырган.

Текебаев жана анын тарапкерлери муну куру доомат деп, экс-президент Алмазбек Атамбаев баштаган бийликтин "саясий курмандыгы" болгонун айтып жүрүшөт.

Текебаев менен кошо анын партиялашы, мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотонов да камалган.

Саясатчылардын камакка алууда негизги күбө болуп берген орусиялык Леонид Маевский быйыл 17-ноябрда Москвада «опузалап акча өндүргөн» деген кине менен кармалган.

Өмүрбек Текебаев 1958-жылы 22-декабрда Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Акман айылында туулган. (GT)

XS
SM
MD
LG