Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:08

Равшан Жээнбеков: президент журналисттерди бөлүп-жарбаганы жакшы көрүнүш


Равшан Жээнбеков.
Равшан Жээнбеков.

Президент Сооронбай Жээнбековдун басма сөз жыйынына журналисттердин тегиз чагырылышын саясатчы Равшан Жээнбеков жакшы көрүнүш катары баалады:

- Оппозициялык маанайдагы экс-президент Алмазбек Атамбаевдин "Апрель" телеканалынын журналисттери чакырылганы маанилүү. Экинчиден, курч, ага жакпаган суроолор берилип жатат. Анын баарын угуп жатканы, мүмкүнчүлүгүнө жараша жооп берип жатканы жакшы көрсөткүч. Мурдагы президенттердин учурунда да баштапкы жылдары журналисттер тандалбай, баарына суроо узатканга мүмкүнчүлүк берилчү. Бөлүп-жаруу кийинчерээк башталган. Азыркы президент Сооронбай Жээнбековго да бийлиги бекемделгенден соң ошондой жолго түшүп кетүү коркунучу бар. Жарандык коом, журналисттер, саясатчылар, коом мындайга жол бербеши керек.

Мамлекет башчынын басма сөз жыйыны 19-декабрда Бишкектеги "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында уюштурулуп, ага жергиликтүү жана эл аралык медиадагы журналисттер чакырылды.

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда сын көз караштагы журналисттер басма сөз жыйындарга киргизилбеген учурлар болгон. Мындай тажрыйба Акаев менен Бакиевдин бийлигинде да орун алган. (SE)

XS
SM
MD
LG