Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:41

Жээнбеков: Кытайдагы кыргыздар маселесине аяр мамиле кылыш керек (видео)


Кытайдагы туугандарынын тагдырына кабатыр болгон кыргыздар.
Кытайдагы туугандарынын тагдырына кабатыр болгон кыргыздар.

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков Кытайдагы кыргыздар боюнча маселеге этият мамиле кылыш керек деп эсептейт. Бул тууралуу ал бүгүн Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында айтты.

- Ал жердеги биздин туугандарыбыз - Кытай мамлекетинин жараны, ал мамлекеттин мыйзамдарына баш ийет. Ачык айтпаганыбыз менен биз буга байланыштуу тиешелүү иш-аракетибизди жүргүзүп жатабыз. Мунун өзүнүн эрежеси бар. Эки тараптуу келишимдер бар, ошонун негизинде иштеп жатабыз. Коңшулар менен жакшы мамиледе болуп, маселени сүйлөшүү жолу менен чечиш керек, - деди ал.

Ошону менен катар мамлекет башчысы: “"Каптап кетти" деген сөздү этияттасак. Биз деле иштеп жатабыз, бул боюнча. Ата-бабанын осуяттарын биз деле жакшы билебиз. Кантип эле биз жөн отуралы?” деп кошумчалады.

Жээнбеков келтирген статистикалык маалыматка караганда, чек арадан кытай жарандарынан 35 215 адам кирди, 34 436 чыкты. Азыр 11 966 кытай жараны катталган. 2010-2018-жылдары 268 адам жарандык алган, алардын 171 кыргыз, 72 уйгур, 9 өзбек, 6 кытай, 9 дуңган, бир казак.

Президенттин айтымында, учурда Кыргызстанда он кытайлык жаран соттолуп, бешөө түрмөдө отурат. (EBM)

XS
SM
MD
LG