Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:41

Жээнбеков: Жогорку Кеңеш мөөнөтү бүткөнчө иштеши зарыл


Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

Жогорку Кеңештин азыркы курамы мөөнөтү бүткөнчө иштеши керек. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында ушундай пикирин билдирди.

Президент Жогорку Кеңештеги партияларды эл шайлаганын айтып, парламенттин сапаты бара-бара жакшырарын, буга убакыт керек экенин белгиледи.

- Табыгый жол менен кетишибиз керек. Азыркы жолубуз эң туура жол, - деди Жээнбеков.

Жогорку Кеңештин азыркы, алтынчы чакырылышы 2015-жылы беш жылдык мөөнөткө шайланган. Анда 120 депутат бар. (EBM)

XS
SM
MD
LG