Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 06:18

Турсунбеков: Президент Текебаев жана Бабанов боюнча туура сүйлөдү


Чыныбай Турсунбеков.

Жогорку Кеңештин мурдагы спикери Чыныбай Турсунбеков мамлекет башчы Өмүрбек Текебаев менен Өмүрбек Бабановдун маселесинде сүйлөгөн сөзүн колдойт. Мындай пикирин ал "Азаттык" радиосуна билдирди:

- Мыйзамга, Конституцияга таянып иш кылсак, анда туура айтты. Анткени мыйзам боюнча күнөөлүүлөрдү сот аныктайт жана атайын кызматтар бар. Бир сөз менен айтканда, Конституциянын негизинде абдан туура айтылды. "Баары мыйзамдын чегинде болушу керек" деген пикирге кошулам.

Жээнбеков 19-декабрдагы басма сөз жыйынында Өмүрбек Текебаевди абактан бошотуу маселесине кийлигише албай турганын, бирок мыйзам боюнча мунапыс бере аларын билдирген.

Ал эми Бабановго карата козголгон кылмыш иштер боюнча суроого жооп берип жатып президент Кыргызстан укуктук мамлекет экенин белгилеп, ачылган кылмыш иштери жабыла берсе ал бандиттик өлкөгө айланарын, мыйзамдын чегинен эч ким чыкпашы керек экенин айткан.

Кыргызстан социал-демократиялык партия тууралуу жана Райымбек Матраимовго байланыштуу президенттин айткан сөздөрүнө Чыныбай Турсунбековдун пикирин төмөндө угуңуз:

Турсунбеков: Президент Текебаев жана Бабанов маселесинде туура сүйлөдү
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:45 0:00
Түз линк

Пикирлерди көрүңүз (7)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG