Кочкордун аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнүн жабдуусу жаңыланды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, бул үчүн бюджеттен 610 миң сом бөлүнгөн.
250 адам иштеген оорукана бир жылда 6-7 миң бейтапты тейлейт. Учурда төрөт, балдар, инфекциялык илдеттер бөлүмдөрү жаңыланып жатат.
Кыргызстанда медицина тармагындагы абал каржылоонун жетишсиздигинен эң көйгөйлүү маселелердин бири болуп эсептелет. (RK)