Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:52

20-декабрга карата аба ырайы тууралуу маалымат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

20-декабрда Кыргызстанда мезгил-мезгили менен кар жаайт. Жалал-Абад облусунун кээ бир райондорунда жана Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында бурганак болушу мүмкүн. Чүй, Талас, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда туман түшөт. Жолдорго муз тоңот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -5...-10, күндүз 0...-5,

Талас жергесинде түнкүсүн -6...-11, күндүз -1...-6,

Жалал-Абад, Баткен, Ош аймактарында түнкүсүн 0...-5, күндүз 0...5,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -2...-7, күндүз -3...+2,

Нарын облусунда түнкүсүн -10...-15, күндүз -2...-7,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -16...-21, күндүз -9...14 градус болот.

Бишкек шаарында 20-декабрда мезгил-мезгили менен кар жаайт. Туман түшүшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -5…-7, күндүз -1…-3 градус болот.

XS
SM
MD
LG