Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:54

Ош шаары 2019-жыл үчүн “Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” деп жарыяланды


Ош.
Ош.

Ош шаары 2019-жыл үчүн “Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” деп жарыяланды. Мындай чечим 18-декабрда Түркиянын Кастамону шаарында өткөн ТҮРКСОЙдун курамындагы өлкөлөрдүн Туруктуу кеңешинин 36-отурумунда бир добуштан кабыл алынды.

Ош шаарынын “Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору" болууга толук татыктуу экендигин эл аралык жыйында Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, Кыргызстандын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин статс-катчысы Бактыбек Секимов баяндама жасаганда айтып өтүштү. Алар бул сунуш президент Сооронбай Жээнбеков менен да макулдашылганын белгилешти. Бул тууралуу Ош мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Чечим кабыл алууда Ош шаарынын 3000 жылдан ашык тарыхы, Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) колдоосу менен 3000 жылдык мааракеси 2000-жылы Кыргызстанда эл аралык деңгээлде расмий майрамдалганы, шаардагы Сулайман-Тоо ЮНЕСКОнун тарыхый-маданий мурастар тизмесине киргени жана башка жагдайлар эске алынган.

Буга чейин ТҮРКСОЙ Түркиянын Кастамону, Казакстандын Түркстан, Түркмөнстандын Мары, Азербайжандын Шеки, Татарстандын Казан шаарын жана башка шаарларды "Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору" деп жарыялаган. (MdN)

XS
SM
MD
LG