Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:25

Жээнбеков: Жалал-Абаддын мэринин окуясы териштирилет (видео)


Мураталы Тагаев.
Мураталы Тагаев.

Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаевдин шаардын 72 жаштагы тургуну Урниса Турдиевага мэрия имаратында кылган мамилеси териштирилет. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков 19-декабрда Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында журналисттин суроосуна жоп берип жатып билдирди:

- Мэрдин бул аракетин териштирейин, эгерде 72 жаштагы адамга андай мамиле кылса мыйзам чегинде жооп бериши керек.

Урниса Турдиева “Азаттык” радиосуна жиберген билдирүүсүндө 28-ноябрда шаар мэри Мураталы Тагаевге социалдык маселелер боюнча кайрылууга барган учурда ал акаарат келтирип, күч колдонуу менен иш бөлмөсүнөн сүйрөп чыкканын, ага жардамдашкан дагы эки кызматкер да эки колунан жетелеп мэрия имаратынан чыгарганын айткан. Турдиева "зомбулук көрсөттү" деп мэрге каршы 3-декабрда шаардык прокуратурага кайрылган. Прокуратура бул багытта териштирүү иштери жүрүп жатканын билдирди.

Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаев ал кемпирди тааныбай тургандыгын, жыйынга шашылыш кетип жаткан убакта келгендиктен, арыздарды кабыл алуу бөлүмүнө берүүнү тапшырганын гана айтты. Ал эми "күч колдонгон" деген маалыматтардын баарын четке какты. Мураталы Тагаев мурдагы спикер жана президенттин иниси Асылбек Жээнбековдун кудасы экени белгилүү. (RsK)

XS
SM
MD
LG