Мамлекеттик департамент билдиргендей, АКШ Түркияга "Patriot" ракеталык системасын 3,5 миллиард долларга сатууну сунуш кылды. Бул тууралуу маалымат Конгресске да берилди.
Мамлекеттик департамент белгилегендей, мындай кадам НАТО боюнча терроризге каршы күрөштүн майдан чегинде турган чечүүчү өнөктөштүн коопсуздугун чыңдайт. Мекеменин пикиринде, бул АКШнын өзүнүн да тышкы саясат жана улуттук коопсуздук боюнча кызыкчылыгына салым кошот жана Түркиянын “АКШ менен НАТОго шайкештигин күчөтөт”.
АКШнын сунушу НАТОнун курамындагы Түркия Орусиядан “жер-аба” тибиндеги С-400 ракеталык системасын сатып аларын жарыялагандан кийин айтылды.
Вашингтон буга чейин Орусиянын Түркия алып жаткан ракеталык системасы НАТОнун башка өлкөлөрү колдонгон курал-жаракка шайкеш келбей жатканына нааразы болгон.
Кремлдин өкүлү Дмитрий Песков бүгүн АКШнын соңку жарыясына комментарий берди. Ал Москванын Анкарага С-400 ракеталык комплекстерин сатуу боюнча келишими Түркия АКШнын "Patriot" ракеталык системасы боюнча кандай чечим кабыл алганына карабай аткарыла турганын билдирди. (UE)