Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:01

Кытайда Канаданын үчүнчү жараны кармалды


Кытайдын коопсуздук кызматтары.
Кытайдын коопсуздук кызматтары.

Бул тууралуу канадалык "National Post" басылмасы бүгүн өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин маалыматына таянып кабарлады.

Бирок Канаданын Кытайда кармалганы сөз болгон үчүнчү жаранынын аты-жөнү, эмне иш кылары расмий айтыла элек. Канадалык басылма өз булактарына таянып, ал дипломат да, ишкер да эмес экенин белгиледи.

Ал эми Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Хуа Чунинг бүгүн Бээжиндеги басма сөз жыйынында бул маалыматтан кабары жок экенин гана билдирди.

Буга чейин Кытайда Канаданын эки жараны: мурдагы дипломат Майкл Ковриг жана ишкер Майкл Спавор камакка алынган. Кытайдын Тышкы иштер министрлиги алар “улуттук коопсуздукка коркунуч жараткан иштерге” байланыштуу айыпталып жатканын маалымдаган.

Канаданын жарандары Кытайда кармалганга чейин Ванкуверде, ушул айдын башында Кытайдын телекоммуникация гиганты - "Huawei" компаниясынын каржы жана аткаруучу директору Мэн Ваньчжоу АКШнын өтүнүчүнө ылайык кармалган.

Вашингтон "Huawei" компаниясынын башкаруучусун "АКШнын каржылык көзөмөл мекемесин алдаш үчүн көз боёмочулук схемаларын түзгөн" деп айыптоодо. Америкалык тергөөчүлөрдүн эсебинде, мунун максаты АКШнын Иранга каршы санкцияларын айланып өтүү болгон.

Канаданын соту 11-декабрда Мэн Ваньчжоу 10 миллион Канада доллары же 7,5 миллион АКШ доллары өлчөмүндөгү күрөө менен камактан бошоткон. Кийинки соттук жараян февраль айына белгиленген.

Кытай бийлиги буга чейин Канаданы Мэн Ваньчжоуну кармоодо кетирген “катачылыгын оңдоого” чакырып, болбосо мунун “кесепеттерине” кабыларын айткан.

Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо 6-декабрдагы атайын билдирүүсүндө "бул кармоодо эч кандай саясий кийлигишүү болбогонун” белгилеген. (UE)

XS
SM
MD
LG