Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:32

Турдукулов: Матраимов президентти ыңгайсыз абалга коюп жатат


Адил Турдукулов.
Адил Турдукулов.

Президент Сооронбай Жээнбеков басма сөз жыйынында Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун маселесиндеги суроолорго эл күткөндөй канааттандырарлык жооп бере алган жок. Жарандык активист Адил Турдукулов "Азаттык" радиосуна ушундай пикирин билдирди.

- Коомчулуктун бүйүрүн кызытып жаткан соң Райымбек Матраимов өзүнө байланыштуу суроолорго жооп берүүгө тийиш, - деди ал. - Ал өзү жооп бербей жатканы президентти ыңгайсыз абалга коюп жатат. Президент ал үчүн жооп берүүгө аргасыз болуп жатат. Бул туура эмес. Басма сөз жыйынында президент анын күнөөлүү же күнөөсүз экенин айткан жок, бирок жообу канаттандырарлык болбой калды. Анткени реформа жүргүзө турган инсан президент болуп эсептелет. Эгер бажы тармагындагы коррупция ачыкка чыкпаса, анда жемкорлукту жоюу бийликтин эркинде эмес деген ойдомун.

Коомчулукта "Раим миллион" деген каймана ат менен таанылган Райымбек Матраимов былтыр ноябрь айында ошол кездеги премьер-министр Сапар Исаковдун буйругу менен кызматтан алынган.

Өткөн айда "Апрель" телеканалындагы маегинде мурдагы президент Алмазбек Атамбаев азыркы мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбековду "Райымбек Матраимовго болушкан" деп билдирген.

Бишкекте 19-декабрдагы басма сөз жыйынында бул тууралуу журналисттердин суроосуна жооп берген президент “Азаттык” радиосунун Матраимовдун байлыгы тууралуу телеберүүсүндө келтирилген жүйөлөр текшерилерин айтты. (SE)

XS
SM
MD
LG