АКШ дүйнөдөгү адам укуктарын бузгандарга, коррупцияга малынган аткаминерлерге каршы багытталган мыйзамдын негизинде Өзбекстан, Орусия, Украина жана башка мамлекеттердин жарандарына киргизилген санкциялардын мөөнөтүн узартты.
"Кара тизмеге" илингендердин катарында Өзбекстандын мурдагы президенти, маркум Ислам Каримовдун тун кызы Гүлнара Каримова менен Орусиянын башкы прокурору Юрий Чайканын уулу Артем Чайка да бар.
Санкциялар «Магнитский мыйзамынын» алкагында былтыр жарыяланган. Мыйзам 2009-жылы Москванын тергөө абагында каза болгон "Hermitage Capital" фондунун юристи Сергей Магнитскийдин урматына аталган.
Орусия АКШнын санкция тууралуу чечимдерин айыптады.