Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:21

Бекешев: Каркыра менен Үзөңгү-Куушту берген "баатырларга" айкел тургузалы (видео)


Дастан Бекешов.
Дастан Бекешов.

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешев Каркыра менен Үзөңгү-Кууштун коңшу мамлекеттерге өтүшүнө жооптууларга эстелик орнотуш керек деп эсептейт. Бул тууралуу ал бүгүн парламенттин жалпы жыйынында айтты:

- Тарыхты унутуп калып кээ бирлер азыр "баатыр" болуп, жаштардын башын айлантып жатышат. Каркыраны, Үзөңгү-Куушту бергендер азыр депутаттарга, жарандарга акыл үйрөтүп, президентке кеңеш берип жүрүшөт. Биз алардын аракетин унутуп баратабыз. Адатта биз айкелдерди, эстеликтерди чыгаан адамдарга орнотобуз. Келгиле, бир жолу Ала-Тоо аянтына Каркыраны берүү демилгесин ким көтөргөн, ким кол коюп, добуш берген, ошолорго орнотолу. Үзөңгү-Кууш боюнча да.

Депутат мындай эстеликти тургузууга "көп акча кетпесин" айтып, "бирок жаш муун аларды унутпайт" деп кошумчалады. "Алар ошол учурда унчукпай жүрүп, эми саясий сахнага чыгып, "баатыр" болуп жатышат" деп белгиледи.

Бекешев "Жогорку Кеңеште каражат жок болсо, акча чогулта баштоого даяр экенин" да айтты.

Жогорку Кеңеш 2002-жылдын 10-майында Үзөңгү-Кууш тилкесин Кытайга, ал эми 2008-жылы Каркыра жайлоосун Казакстанга өткөрүп берүү тууралуу келишимдерди ратификациялаган. (RK)

XS
SM
MD
LG