Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:03

Трамп: АКШ күчтөрү Сириядан кайтчу убакыт келди


АКШ президенти Дональд Трамп.
АКШ президенти Дональд Трамп.

АКШнын президенти Дональд Трамп "Твиттердеги" видео кайрылуусунда америкалык аскерлер Сириядан чыга турганын билдирди.

"Биз Сирияда көптөн бери күрөшүп келдик. Менин президент болгонума эки жыл болду жана биз чындап күрөштү күчөттүк, биз "Ислам мамлекети" тобуна каршы жеңишке жетиштик. Аларды катуу зыянга учураттык. Биз жерлерди артка кайтардык. Эми биздин күчтөргө үйгө кайтууга мезгил жетти", - деп билдирди Трамп.

Мындан мурдараак президент Трамп “Твиттердеги” баракчасына Сирияда “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу жеңилгенин, аскерлер бул жакта мына ушул жалгыз себептен улам гана турганын жазган.

Ак үйдүн мындай планын Конгресстеги бир катар республикачылар менен демократтар сынга алышууда. Республикачыл сенатор Линдси Грэм президент Трамптын аскерлерди азыр чыгаруу боюнча чечими “жаңылыштык” болоорун айтып, бул кадам ИМ тобу, Сириянын президенти Башар Асад, анын өнөктөштөрү Орусия жана Иран үчүн "чоң жеңиш" болуп калаарын айткан.

Америкалык күчтөрдүн Сириядан чыгып кетишине али эрте экенин айткан алты сенатор президент Трампка кайрылуу жөнөттү.

Сирияда азыр АКШнын 2000дей аскери бар. Алар ИМ тобуна каршы күрөштө негизинен жергиликтүү күрт жана араб кошуундары менен иштешти.

XS
SM
MD
LG