Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:53

Риттманн: Кыргызстанда 2018-жылы аялдарды басмырлоо азайган жок


"Human Rights Watch" уюмунун логотиби.
"Human Rights Watch" уюмунун логотиби.

Кыргызстанда 2018-жылы аялдардын жана балдардын укугун коргоодо, деги эле үй-бүлөлүк зомбулукка каршы алгылыктуу жылыш байкалган жок. Мындай пикирин "Азаттык" радиосундагы маегинде "Human Rights Watch" эл аралык уюмунун Борбор Азия боюнча изилдөөчүсү Мира Риттман билдирди.

- Аялдардын жана балдардын укуктарынын корголушу көңүл жылытпайт, - деди ал. - 2017-жылы Кыргызстанда үй-бүлөдөгү зомбулукка каршы мыйзам кабыл алганда, ага үмүт артып, тажрыйбада кеңири колдонулат деп ойлогонбуз. Тилекке каршы, өзгөрүүлөр жашоодо байкалбай жатат. Үй-бүлөдө аялга кордук көрсөтүү, кыз ала качуу, эрте нике сыяктуу басмырлоонун түрдүү формалары колдонулуп келүүдө. 2018-жылдын май айында Бурулай аттуу кыздын ала качууга туш болуп, милиция бөлүмүндө киши колдуу болгону - буга анык мисал.

Риттман ошондой эле Кыргызстанда улуттук, диний жана жыныстык азчылыктар да ар кандай басмырлоого кабылып келатканын белгиледи. Анын айтымында, БУУнун Расалык дискриминацияны жок кылуу комитети Кыргызстанда бул көйгөйгө көңүл бурууну сунуш кылган. Анда басмырлоого каршы мыйзам кабыл алуу, аны колдонуу маселеси көтөрүлгөн.

Кыргыз бийлиги адам укуктары жаатында маселелерди чечүүгө дайыма аракет кыларын белгилеп жүрөт. Күч органдарынын адистери азчылыктар маселесинде арыз-даттануу дээрлик түшпөй турганын айтышат. (SE)

XS
SM
MD
LG