Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Асел Кодуранова вице-спикерликтен алынганы үчүн фракция лидери Иса Өмүркуловду айыптады.
Бүгүн парламенттин 111 депутатынын 92си аны кетирүүгө макул болуп, 19у каршы добуш беришти.
Борбордук трибунага чыгып сөз сүйлөгөн Кодуранова аны төраганын орун басарлыгынан алуу тууралуу чечимди фракция мыйзамды бузуп кабыл алганын айтып, Өмүркуловго кайрылды:
- Мен сизди 23 жылдан бери билем. Карындаш катары «байкем» деп мамиле кылчумун. Бала кезимде таенем байкелериме «ачаар эшигиңди катуу жаппа, карындашыңды какпа” деп айтчу. Сиз бүгүн ачаар эшигиңизди абдан катуу жаптыңыз, карындашыңызды абдан катуу кактыңыз!
Кодуранованын кайрылуусуна Өмүркулов: “Бул жерде саясат. Баштаган өзүңөрсүңөр!” деп жооп берди.
Анын айтымында, Кодуранова боюнча чечимди жеке өзү эмес, жалпы фракция кабыл алган. “Лидер катары мен сунушту күн тартибине киргизишим керек болчу” деди ал.
- Эгер партиянын ичинде туруктуулук болсун десек, сиздер да калгандарыбызга бөлөкчө мамиле кылышыңар керек болчу. Баштаган өзүңөрсүңөр. Бул жерде маселе сиз менен менде эмес. Маселе мындан да терең жатат. Мен аялзатын сыйлап келгем жана сыйлайм. Муну мени тааныгандар жакшы билет. Бул жерде саясат, - деди ал.
Парламенттин КСДП фракциясы 14-декабрда кезексиз жыйынга чогулуп, фракциянын атынан сунушталган депутат Асел Кодуранованы вице-спикерлик кызматтан алууну чечкен. Бүгүн бул чечим жалпы жыйынга чыгарылып, депутаттар жабык добуш беришти.
Кодуранова вице-спикерлик кызматка 2017-жылы шайланган.
КСДПнын айрым өкүлдөрү фракциянын чечими мыйзам бузуу менен кабыл алынганын айтууда.
Мурдагы президент жетектеген КСДП фракциясы ушу тапта ичинен бөлүнүп-жарылып жатат. (RK)