Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:23

Талас: "Интуристтин" кызматкерлери иштен мыйзамсыз алынганын айтууда


Талас.
Талас.

Таласта Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна караштуу «Интурист» мейманканасынын сегиз кызматкери жумуштан мыйзамсыз алынганын айтып «Азаттыкка» кайрылышты. Алар маселесин чечип берүүнү өкмөттөн өтүнүшүүдө.

- Быйыл 2-мартта мурда апасы 20 жыл администратор болуп иштеген аялдын баласы Атай Койчукулов директор болуп келди. 5-мартта бардык кызматкерлерди жумуштан кетире баштады. Азыр мейманканада үй-бүлөлүк башкаруу - апасы, эжеси, таякеси, таажеңеси иштеп жатат. Жумушсуз калдык, үйүмдө унум жок калды, - деди ашпозчу болуп иштеген Гүлзина Мамекова.

Ал эми мейманкананын жетекчиси Атай Койчукулов даттангандардын дооматы негизсиз экенин айтууда:

- Жумуштан арак ичишет, башка адамдарды алып келишет. Жада калса кардарлар даттанган учурлар бар. Келген кардарлардын эсебинен айлык чыгарып беребиз. Ошол себептен да кызматкерлерди кыскартканбыз. Бир тууган эжем мен келгенге чейин эле иштечү. Анын эки баласы бар. Аны кантип жумуштан чыгарам? Мен шаарга кеткенде ага ишенип баарын таштап кетем.

Койчукулов мейманканада облустук акимчиликтин адамдары бекер жаткан учурлар бар экенин, анын иштешине "Ак үй да каршы" болуп жатканын кошумчалады.

Ал эми өкмөттүн Талас облусундагы өкүлү Марат Мураталиев:

- Азыркы жетекчи башында «беш миллион акча салып, жакшы абалга келтиребиз» деген. Бирок эч нерсе жасаган жок. Биз ал жаш балага ишенгенбиз. Мен да билген эмесмин, анын апасы ошол жерде иштегенин, - деп билдирди.

Облус жетекчиси маселе жаңы жылдык майрамдардан кийин каралаарын кошумчалады.

Таластагы "Интурист" мейманканасы 1995-жылы курулган. Ошондон бери оңдоп-түзөлгөн эмес. 2017-жылы 60 миң сом киреше түшкөн. Анын 50% Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна төлөнгөн. (AlS)

XS
SM
MD
LG