"Күч колдонуудан мурда түшүндүрүү иштерине, туура маалымат берүүгө басым жасаш керек" деди бүгүн 20-декабрда мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков Бишкекте улуттук коопсуздук кызматкерлерине кайрылып жатып.
Ошону менен катар президент "кыраакылыкты жана террорго каршы иш-чараларды күчөтүп, тийиштүү күчтөр менен каражаттар ар дайым күжүрмөн даярдыкта болушу зарыл" экенин белгиледи.
Президент мекен сакчылыгында туруп, каармандык менен курман болгон коопсуздук органдарынын кызматкерлерин эскерип, элесине таазим этип, үй-бүлөсүнө аманчылык каалады. Мындан тышкары, ал атайын кызматтын маанилүү багыттарынын бири коррупция менен күрөшүү экенин эске салды.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) түзүлгөнүнө быйыл 100 жыл болду. Бул датага байланыштуу салтанаттуу жыйын Улуттук филармонияда өттү.