Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:35

Мирзиёевге даттанган мурдагы имам Өзбекстандан чыгып кетти


32 жаштагы мурдагы имам Фазлидин Парпиев.
32 жаштагы мурдагы имам Фазлидин Парпиев.

Ташкенттин Юнусобод районундагы "Омина" мечитинин мурдагы имамы Фазлиддин Парпиев өлкөдөн чыгып кетти. Бул тууралуу ал 19-декабрда “Фейсбуктагы” баракчасы аркылуу билдирип, буга өзбек прокуратурасынын эскертүүлөрү себеп болгонун айтты.

Ал быйыл 7-сентябрда өлкө президенти Шавкат Мирзиёевге видео аркылуу кайрылып, укук коргоо органдары жарандардын дин тутуу укугун бузуп жатканын айткан. Анда имам милиция кызматкерлерин “сакалчан мусулмандар менен хижаб кийген аялдарга басым жасап жатат” деп айыптаган. Бул кайрылуудан көп өтпөй ал имамдыктан алынган.

Туугандарынын айтымында, Фазлиддин Парпиев 17-декабрда Сауд Арабиясынан кичи ажылыктан Ташкентке кайтып келген. Эки сааттан кийин анын үйүнө жергиликтүү милициянын терроризмге каршы күрөш бөлүмүнүн кызматкерлери келип, аны суракка алып кетишкен.

Туугандары сурак маалында мурдагы имамдан социалдык түйүндөрдө жигердүүлүгүн токтотууну талап кылышканын айтышууда. Парпиев жубайы жана эки баласы менен Казакстан аркылуу өлкөдөн чыгып кеткенин айтты.

Бул боюнча Өзбекстандын расмий бийлик өкүлдөрү маалымат бере элек.

XS
SM
MD
LG