Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:30

Майыптар конвенциясы биринчи окуудан өттү


Майыптар күнүнө карата иш-чарага чакырылган адам. Жалал-Абад шаары. Архивдик сүрөт.
Майыптар күнүнө карата иш-чарага чакырылган адам. Жалал-Абад шаары. Архивдик сүрөт.

Жогорку Кеңеш бүгүн, 20-декабрдагы сессияда "Майыптардын укуктары жөнүндөгү" БУУнун конвенциясын биринчи окууда талкуулап, кабыл алды.  

Документ каржы маселесине байланыштуу жети жылдан бери кабыл алынбай келе жаткан. 5-ноябрда аны парламенттин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети жактырган. 

БУУ 2006-жылдын 13-декабрында кабыл алган бул конвенция 2008-жылдын 3-майында күчүнө кирген. Кыргызстан документке 2011-жылы кол койгону менен парламент бекитип бере элек. 

Конвенция майып адамдардын укуктарын коргоого багытталган. Эгер парламент аны ратификацияласа, бийлик майыптардын бардык тармактарда иштешине, жараяндарга катышуусуна шарт түзүшү керек. Ушу тапта мекеме-ишканаларда, коомдук автоунааларда майыптарга шарт жоктугу сындалып келет.​ 

Расмий маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда 181 миңден ашуун майып адам каттоого алынган. Анын 29 миңден көбү 18 жашка чейинкилер.

 

XS
SM
MD
LG