Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:35

Парламент бүгүн 80 жылдык мааракесин белгилейт


Кыргызстандын Жогорку Кеңеши.
Кыргызстандын Жогорку Кеңеши.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдиргендей, парламенттин 80 жылдыгына арналган иш-чаранын алкагында жыйындар уюштурулат. Парламент тарыхын чагылдырган китеп да жарык көрөт.

Мааракеге ТүркПА уюмунун өкүлдөрү, бир катар элчиликтерден делегациялар чакырылган.

Буга чейин Жогорку Кеңештин аппарат жетекчиси Саматбек Ибраев парламент радиосундагы маегинде мааракеге бюджеттен акча каралбаганын, өнөктөштөрдүн жардамы менен өткөрүлө турганын билдирген.

Жогорку Кеңештин тарыхы 1939-жылдан башталат. Ал кезде Кыргыз ССРинин Жогорку Совети иштей баштаган.

XS
SM
MD
LG