Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:12

Темир Жумакадыровдун элесине арналган дебат оюндары өттү


Темир Жумакадыров.
Темир Жумакадыров.

Бишкектеги Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде (КУУ) 20-декабрда жогорку окуу жайлар арасында дебат форматындагы оюндар өттү. Иш-чара мурдагы вице-премьер-министр Темир Жумакадыровдун элесине арналган.

Аны аталган университет менен Темир Жумакадыров атындагы «PRO LEX» фонду "Кыргыз-жапон өнүктүрүү борборунун" колдоосу менен уюштурду.

Иш-чарада Кыргызстандын аймактарын өнүктүрүү, мамлекет, бизнес, жарандык коом жана эл аралык уюмдардын өз ара кызматташтык стратегиясы тууралуу кеп козголду.

Темир Жумакадыров КУУнун эл аралык мамилелер факультетин аяктаган. Студенттик кезинде дебаттарга, оюндарга активдүү келген.

38 жаштагы Темир Жумакадыров былтыр 7-октябрда Таласка баратып Чүйдүн Садовое айылындагы жол кырсыгынан каза болгон.

XS
SM
MD
LG