"Чиркөөнүн 700дөй кызматкери балдарга жыныстык ыдык көрсөткөн" деген маалымат Иллинойс штатынын прокуратурасынын кылмыштар тууралуу баяндамасында айтылган.
Маалыматка караганда, католик чиркөөсү дин кызматкерлеринин жоругун жетиштүү иликтеп чыккан эмес.
Буга чейин чиркөө зордук-зомбулукка байланыштуу айыпталган 200дөй дин кызматкеринин аты-жөнүн жарыялаган. Бирок Иллинойс штатынын башкы прокурору Лиса Мадиган чиркөө жетекчилиги укук коргоо органдарына түшкөн арыздар тууралуу унчукпай койгонун билдирди.
Баяндамада кайсы жылдар камтылганы айтылган жок. Иликтөө быйыл августта Пенсильвания штатынын прокуратурасынын жарыясынан кийин жүргүзүлө баштаган. Аталган штатта 300гө жакын жергиликтүү чиркөөлөрдүн кызматкерлери ондогон жылдар бою "балдарга зордук көрсөткөн" деп күнөөлөнгөн.
Иллинойстогу католик чиркөөсүнүн өкүлдөрү балдарга карата жыныстык ыдык көрсөтүлгөн көп фактылар болгонун моюнга алды. Чикагонун архиепископу Блейз Супич чиркөө укук коргоо органдарына ар бир учур тууралуу маалымат берип келгенин билдирди.