Бүгүн 21-декабрда Чыңгыз Айтматов проспектисинде жүргүнчүлөрдү ташыган кичи автобус менен жеңил автоунаа сүзүштү.
"Азаттык" радиосунун кабарчысынын маалыматына караганда, жол кырсыгы эртең мененки саат 9га жакын болду.
Окуя болгон жерде жол коопсуздугун көзөмөлдөө кызматкерлери териштирүү жүргүзүп жатышат.
Расмий маалыматтарга ылайык, быйыл 9 айдын ичинде өлкөдө 4 миңден ашык жол кырсыгы катталды. Андан 458 адам каза болуп, 6 миңден ашыгы түрдүү жараат алган. (BTo)