Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:47

Аскер бөлүктөрүндө текшерүүгө тоскоолдук көбөйдү


Жыйындын катышуучулары. 21-декабрь, 2018-жыл.
Жыйындын катышуучулары. 21-декабрь, 2018-жыл.

Кыргызстанда аскер бөлүктөрүндө текшерүүгө жолтоо кылуу фактылары көбөйдү. Кыйноонун алдын алуу борборунун мындай маалыматы бүгүн Бишкекте аскерлердин укуктарынын сакталышы боюнча жыйында айтылды.

Жыйында аскерлердин, аскер кызматкерлеринин укугунун сакталышы боюнча аталган борбордун иликтөөсүнүн жыйынтыгы талдоого алынып жатат.

Айрыкча Жаза аткаруу мамлекеттик кызматында, Башкы штабда жана ИИМге таандык аскер жайларында тоскоолдук көп экени белгилүү болду. Маселен, быйыл жыл башынан бери мындай 13 факт катталган, былтыр жети жолу тоскоолдук кылуу аракети болгон.

Мыйзамга ылайык, аталган борбордун өкүлдөрү жабык жайларды алдын ала айтпай, күтүүсүз барып текшере алышат. (EBM)

XS
SM
MD
LG