Кыргызстан социал-демократиялык партиясы (КСДП) Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Сапар Исаков тууралуу коомчулукка туура эмес маалымат таратып жатат деп эсептейт. Партия 21-декабрда билдирүү таратып, “УКМКнын басма сөз кызматы элди алдап жатат. Бишкек Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) авария анын эски бөлүгүндө болгону аныкталган. Себебин сот териштирип жатат. Ал эми Сапар Исаков бул иште соттолуучу да, күбө да эмес. Авария үчүн ага айып коюлган эмес” деди.
Ошондой эле КСДП ЖЭБдин модернизациясы менен былтыркы аварияны байланыштыруу элди адаштыруу аракети экенин билдирүүдө.
“Мындай билдирүүлөр Сапар Исаковго коюлган айып саясий себепке негизделгенин айгинелеп турат” дейт КСДП.
20-декабрда Исаковдун “УКМКда отургандан бери бизде чынында эле мүшкүл абдан көп экенин көрүп жатам. Бүгүн мына мен саясий куугунтуктун ачык бир өкүлүмүн” деген билдирүүсү тараган.
Буга жооп кылып УКМК: “Ар бир адам мыйзам чегинде пикирин билдирүүгө укугу бар. Бирок, ошол эле учурда жоопкерчиликти сезе билиш керек. Алсак, Бишкек ЖЭБиндеги авария боюнча козголгон бир катар кылмыш иштеринин алкагында Сапар Исаков да фигурант катары камалган. Былтыркы жылы кыштын кыраан чилдесинде Бишкеки ЖЭБиндеги авариянын кесепетин миңдеген шаар тургундары жон териси менен сезишти. Учурда кылмыш ишин тергөө мыйзам чегинде болуп, бардык чечимдер сот органдары тарабынан мыйзамдуу түрдө кабыл алынууда" деген.
Ошону менен катар атайын кызмат тергөөнүн алкагында Исаковдун коррупциялык иштерге тиешеси бар экендигин далилдеген материалдар алынганын билдирген. (RK)