Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:20

Шеримкулов: Конституцияны өзгөртүүгө азыр эң ыңгайлуу учур


Медеткан Шеримкулов.
Медеткан Шеримкулов.

Жогорку Кеңештин "Легендарлуу парламент" аттуу чакырылышынын төрагасы Медеткан Шеримкулов азыр Конституцияны өзгөртүүгө эң ыңгайлуу учур болуп турат деп эсептейт.

Бул тууралуу ал 21-декабрда Бишкекте Жогорку Кеңештин түзүлгөнүнүн 80 жылдыгына арналган илимий-практикалык конференцияда сүйлөп жатып айтты. Ал президент Сооронбай Жээнбековдун "Баш мыйзамды өзгөртүүгө азырынча зарылчылык жок" деген пикирине кошулбай тургандыгын билдирди.

Шеримкулов 2020-жылга чейин өзгөртүүгө чек коюлганын белгилеп, бирок алдыдагы эки жылда Баш мыйзамды жакшылап талкуулап, чыныгы парламенттик башкаруудагы Конституцияны кабыл алуу мүмкүн экенин айтты. Буга ал 1993-жылы кабыл алынган Конституция үч жылга жакын талкууланып, кабыл алынганын мисал келтирди.

Экс-спикер "эгер эки жыл талкуулап, конституциялык реформа ишке ашса, Сооронбай Жээнбеков реформатор катары тарыхта калар эле" деген оюн кошумчалады.

Конституциялык реформанын зарылдыгы тууралуу ойду парламенттин мурдагы төрагасы Абдыганы Эркебаев да колдоду.

Бүгүнкү конференцияда сүйлөп жатып мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын Баш мыйзамын өзгөртүүу зарылдыгы жок экенин айтты.

Президент Кыргызстан парламентаризм жолун тандаган өлкө экенин, коомдогу бардык курч маселелер парламентте көтөрүлөрүн, оппозиция менен жарандык коомдун үнү ошол жактан жеткирилерин белгилеп, бүгүн “парламенттен жашырылган маселе жокко эсе” деп белгиледи.

"Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында уюштурулган иш-чарага президент Сооронбай Жээнбеков баш болгон өлкө жетекчилери, парламент депутаттары, мурдагы чакырылыштардагы эл өкүлдөрү да катышууда.

1938-жылдын 24-июнунда республиканын мамлекеттик бийлигинин жогорку органына – Кыргыз ССР Жогорку Советине жалпы элдик шайлоо алгачкы жолу өткөн. Ага 284 депутат шайланган. 1938-жылдын 18-июлунда Жогорку Советтин биринчи сессиясы өткөн.(BkA)

XS
SM
MD
LG