Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:59

Отунбаева: Парламенттик демократияга жетиш үчүн сабырдуулук керек


Роза Отунбаева.
Роза Отунбаева.

“Парламенттик демократияга жетиш үчүн сабырдуулук керек” деди бүгүн экс-президент Роза Отунбаева Бишкекте Жогорку Кеңештин 80 жылдыгына арналган конференцияда. Анын айтымында, парламенттик демократиянын жолу жана Жогорку Кеңештин ишмердиги боюнча талдоо жүргүзүү зарыл.

Ошондой эле Отунбаева азыркы парламенттин ишиндеги кемчиликтерди санап өтүп, фракциялар өкмөт жана коалиция үчүн жоопкерчиликти сезбей жатканын айтты. Экс-президенттин пикиринде, парламенттик оппозиция алсыз болуп, чечим кабыл алууда атаандаштык кыла албай жатат.

- Жогорку Кеңеш өлкөнүн стратегиялык багыттарын аныктоодо жигердүү иштеген жок. Акыркы кездери бир да стратегиялык документ даярдаган жок. Баардыгы президенттик аппараттан чыгып жатат, - деди ал.

Отунбаева парламенттик көзөмөл жаатында да бир катар маселелер бар экенин, бул функция өкмөттү кетирүү жана кадрдык өзгөртүүлөр менен гана чектелип жатканын белгиледи.

Мындан тышкары, ал өкмөттүн курсун оңдоо, мыйзамдарды кабыл алуу жана өзгөртүү жаатында иш чабал болуп жатканын, депутаттык иликтөөлөрдүн жыйынтыгы менен таанышуу мүмкүн эмес экенин, андай документтер парламенттин расмий сайтында ачык болушу зарыл экенин кошумчалады.

Экс-президент белгилегендей, парламентаризм боюнча лекциялар окулуп, илимпоздор изилдөө жүргүзүшү керек.

Жыйын бүгүн 21-декабрда "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өтүп жатат.

1938-жылдын 24-июнунда республиканын мамлекеттик бийлигинин жогорку органына – Кыргыз ССР Жогорку Советине жалпы элдик шайлоо алгачкы жолу өткөн. Ага 284 депутат шайланган. 1938-жылдын 18-июлунда Жогорку Советтин биринчи сессиясы өткөн. (BkA)

XS
SM
MD
LG