Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:52

Бекназаров депутаттарды Конституцияны өзгөртүүгө чакырды


Азимбек Бекназаров.
Азимбек Бекназаров.

Саясатчы Азимбек Бекназаров Жогорку Кеңешти конституциялык реформа жасоого чакырды. Бүгүн кыргыз парламентинин 80 жылдыгына арналган талкууда сүйлөп жатып, ал 24-ноябрда өткөн курултайда конституциялык реформа жана Кумтөрдү мамлекетке өткөрүү деген эки талап коюлганын белгилеп, бүгүнкү жыйында президенттен бул боюнча жооп алганын билдирди.

Бекназаров мындай учурда Жогорку Кеңеш өз алдынчалыгын көрсөтүшү керек экенин айтып, депутаттарды конституциялык реформага барууга чакырды.

- Депутаттар, көз каранды эмес экениңерди көрсөткүлөчү. Көрөлү. Бийликтин туткасы болгон элди демилге катары кол топтоого аргасыз кылбагыла. Андай болбосо жөн жатпайбыз. Элди эч ким токтото албайт, - деди ал.

Бүгүнкү жыйында сүйлөп жатып президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын Баш мыйзамы өзгөртүүгө азыр муктаж эмес экенин айткан.

“Конституция 25 жыл ичинде 10 жолу өзгөртүлдү. "2020-жылга чейин өзгөртүлбөсүн" деп добуш берилген, бирок ага карабай, аны бузуу менен 2016-жылы дагы бир жолу өзгөртүлдү. Ошондуктан, элдин эркин сыйлоо менен 2020-жылга чейин Конституцияны өзгөртүүгө муктаждык жок деп эсептейм. Кеп Баш мыйзамда эмес, мыйзамдарды сыйлоодо” деген президент. (BkA)

XS
SM
MD
LG